Президент Садыр Жапаров менен кимдер учуп кетти?

04.11.2025 | 12:02

Бүгүн, 4-ноябрда, Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров Египет Араб Республикасына расмий сапар менен президент Абдель Фаттах Ас-Сисинин чакыруусу боюнча учуп кетти. Бул сапар Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүк жылдарында Африка континентине жасалган алгачкы расмий мамлекеттик визит болуп саналат.

Сапардын алкагында президенттер эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулап, эл аралык жана региондук күн тартибине байланыштуу пикир алмашуу өткөрүшөт. Ошондой эле, экономика, айыл чарба, инвестиция, энергетика, саламаттыкты сактоо жана башка тармактарда эки тараптуу документтерге кол коюу пландалууда. Бул келишимдер Кыргызстан менен Египеттин алакаларын мындан ары өнүктүрүүгө негиз түзөт.

Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын курамы:

  • Садыр Жапаров — президент
  • Жээнбек Кулубаев — Тышкы иштер министри
  • Сагынбек Абдумуталип — Президенттик администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы
  • Улукбек Марипов — Сауд Арабия жана Египеттеги атайын жана ыйгарым укуктуу элчи
  • Мелис Тургунбаев — Улуттук банктын төрагасы
  • Бактияр Орозов — Илим, жогорку билим жана инновациялар министри
  • Медер Машиев — Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри
  • Азамат Жамангулов — Санариптик өнүгүү министри
  • Бакыт Сыдыков — Экономика жана коммерция министри
  • Азамат Юсупов — президентке караштуу дин жана улуттар аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиктин директору

Сапар эки күнгө пландалган жана ал Кыргызстан менен Египеттин алакаларын тереңдетүүдө маанилүү кадам болуп саналат.

Scroll to Top