Ысык-Көлдү тазалоо иштери жүрүүдө. Суучулдар көл түбүнөн миң метр эски торду чыгарыштыБишкек шаарында Черногориянын Ардактуу консулдугу ачылдыАраванда депутат уюштурган көмүскө кумар ойноочу жай аныкталдыИран АКШ жана Израиль менен болгон чыр-чатакта чабуул коюу тактикасына өткөнүн жарыяладыАФК 2031- жана 2035-жылкы Азия Кубокторун өткөрүүгө билдирмелерди кабыл алууну токтоттуБарскоон – Каракол унаа жолуна 8 жер алдындагы өтмөк курулат
Президент Садыр Жапаровдун төрагалыгында виртуалдык активдер боюнча улуттук кеңештин жыйыны өтөт
24.10.2025 | 10:57

Бүгүн президент Садыр Жапаровдун төрагалыгы алдында Виртуалдык активдер жана блокчейн-технологиялар тармагын өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин жыйыны өтөт. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов социалдык тармактагы баракчасында билдирди.
Маалыматка караганда, иш-чарага дүйнөдөгү ири криптовалюта платформаларынын бири болгон Binance’тин негиздөөчүсү Чанпэн Чжао (Changpeng Zhao) да катышат.
Жыйындын түз эфирин УТРК, башка республикалык телеканалдар жана социалдык тармактар аркылуу көрүүгө болот.
Иш-чаранын башталышы саат 11:00дө.