Талас мамлекеттик университетинин жаңы имараты курулуудаСадыр Жапаров менен UIM президенти Ысык-Көлдө F1H2O дүйнө кубогун өткөрүү мүмкүнчүлүгүн талкуулаштыОш шаарындагы Курманжан Датка көчөсүнө акация көчөттөрү отургузулдуШайырбек Ташиев депутаттык мандатын тапшырдыТИМ: Жакынкы Чыгыштагы кыргызстандыктарды эвакуациялоонун кезектеги этабы башталдыСот аткаруучулар кызматынын жетекчисинин орун басары Кубанычбек Капаловдун cөөгү табылды
Президент: Сугат суу таңкыстыгына бийлик күнөөлү
21.10.2021 | 10:51
Сугат сууну министрлик менен жергиликтүү бийлик уюштуруп бере албай койду. Бул туурасында Президент Садыр Жапаров жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын республикалык кеңешмесинде билдирди.
Ал “быйыл аба ырайы ысык болуп, сугат сууда таңкыстык жаралып дыйкандарда көйгөйлөр жаралды. Ачыгын айтсак бул маселени чечүүдө Айыл-чарба министрлиги жана жергиликтүү бийлик уюштуруу иштерин тийиштүү деңгээлде жүргүзө алган жоксуңар! Мындан ары мындай көрүнүш кайталанбашы керек. Кайталанса өз арызыңыздарды жазып берип кете бериңиздер” – деди Жапаров.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат