Президент Жалал-Абадда «Асман Резиденс-2» турак жай комплексин ачты

Президент Садыр Жапаров Жалал-Абад шаарында Мамлекеттик ипотекалык компания курган «Асман Резиденс-2» турак жай комплексинин ачылышына катышты.
Мамлекет башчысы белгилегендей, «Менин үйүм» турак жай программасынын алкагында алгачкылардан болуп Жалал-Абадда «Асман Резиденс-1», Сузакта болсо «Асман Резиденс-5» комплекстери пайдаланууга берилген.
Учурда өлкө боюнча жалпысынан 70 миңге жакын батир курулуп жатса, алардын 13 миңден ашыгы Жалал-Абад облусуна туура келет.
«Бул программа аркылуу бир нече максаттарды ишке ашырып жатабыз. Мамлекеттин курулуш тармагы өнүгүп, инвестиция тартуу жолго салынды. Жаңы жумуш орундары түзүлүп, аймактардын инфратүзүмү ыкчам өнүгүүдө. Жаш муундардын өз жеринде калып иштөөсүнө шарт түзүлүүдө», — деди президент ачылыш аземинде.