Президенттик аппарат «Бажыдагы миллиондор» иликтөөсүндөгү айтылгандарга үн катты

Президенттик аппарат «Бажыдагы миллиондор» иликтөөсүндөгү айтылгандарга үн катты

Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Толгонай Стамалиева “Азаттык” “OCCRP” жана анын “Клоотун”  «Бажыдагы миллиондор: карактоо жана калкалоо»  деген иликтөөсүндө айтылган айрым жагдайларга карата билдирүү таратты.

2012-жылы Ош шаарында инвесторлорду тартуу максатында «Кичи жана орто бизнести өнүктүрүү» деген Инвестициялык форум болгон. Сооронбай Жээнбеков Ош облусунун губернатору болуп иштеп турган.  Аталган форумга Кызыл-Суу Кыргыз автономдук облусунун губернатору Фархат Турду менен чогуу Хабибулла Абдукадырдын иниси келген, ошондо таанышкан.

Форумдан кийин Сооронбай Жээнбеков ал экөө менен чогуу ошол кездеги өлкөнүн президенти Аалмазбек Атамбаевдин кабыл алуусунда болушкан. Кийин, 2017-жылы иниси аркылуу Атамбаев жана Жээнбековдун Хабибулла Абдукадыр менен жалпы таанышуусу болгон. Андан кийин алардын Атамбаев менен мамилеси кандай өнүктү, бул тууралуу Жээнбековго белгилүү эмес.

Журналисттик иликтөөдө «бул иштердин активдүүлүгү 2012-2016-жылдарга тиешелүү» деп белгиленген, тактап айтканда бул Аалмазбек Атамбаевдин президент болуп турган маалы.

Коомчулукка белгилүү болгондой, 2018-жылдын 8-февралындагы Коопсуздук кеңешинин жыйынында президенти Сооронбай Жээнбеков укук коргоо органдарынын ишин ачык сынга алган.

Иш жүзүндө, жалпысынан системаны жана иликтөөдө келтирилген схемаларды жаңы Мамлекет башчысы кабыл алган эмес.

Анын жыйынтыктары белгилүү — бүгүнкү күндө Атамбаев ага коюлган 5 айып боюнча тергөөдө.

Ар кандай күчтөр президент Сооронбай Жээнбековду бул журналисттик иликтөөдө айтылган чөйрө менен байланыштырууга аракет кылат деген пикирдебиз.

Ошондуктан, Президент Сооронбай Жээнбековдун Хабибулла Абдукадыр менен чогуу бизнес-долбоорлору болгон эмес жана жок экендигин расмий билдиребиз.

Андай байланыштары болсо, иликтөөнүн авторлору буларды тастыктаган өз жүйөөлөрүн сөзсүз келтирмек.

Материалда маанилүү аргумент катары Хабибулла Абдукадырдын Сооронбай Жээнбековдун инаугурациясынан тартылып алынган сүрөтү келтирилип жатат. Мында элдин эмоциялык кабыл алуусуна таасир этүү аракети көбүрөөк. Бирок, бул эмоционалдык штрих дагы негизсиз.

Анткени, өлкөнүн шайланган президент Жээнбековдун инаугурациясын уюштуруу иштери, анын ичинде чакырылгандардын тизмесин түзүү жана отургузуп, жайгаштыруу маселелерин толугу менен Кыргыз Республикасынын Президентинин, тактап айтканда Атамбаевдин аппараты тескеген.

Сооронбай Жээнбековго бөлүнүп берилген орундар чектелүү болгондуктан, ал туугандарын гана чакырган.

Белгилүү болгондой, Президент Сооронбай Жээнбеков журналисттик иликтөөлөр коомчулукка, укук коргоо органдарына жана президентке өлкөнү өнүктүрүүгө тоскоол болгон башкы көйгөй — коррупция менен күрөшүүгө жардам берерин ар дайым белгилейт.

Ошондуктан материалда келтирилген жагдайларга көңүл бурулат.

Албетте, укук коргоо органдар материалда айтылган жүйөөлөрдү эске алат.

Буга чейин Башкы прокуратура Түркиянын Башкы прокуратурасына Саймаитинин өлтүрүлүшү боюнча ишти иликтөөдө көмөк көрсөтүү өтүнүчү менен кайрылган.

Саймаитинин ысмы Кыргызстан менен байланышып жаткандыктан, анын Кыргызстандын жараны эмес экендигине карабастан, кыргыз тарап анын өлтүрүлүшүн иликтөө иштерине катышат.

2012-жылы Ош шаарында инвесторлорду тартуу максатында «Кичи жана орто бизнести өнүктүрүү» деген Инвестициялык форум болгон. Сооронбай Жээнбеков Ош облусунун губернатору болуп иштеп турган.  Аталган форумга Кызыл-Суу Кыргыз автономдук облусунун губернатору Фархат Турду менен чогуу Хабибулла Абдукадырдын иниси келген, ошондо таанышкан.

Форумдан кийин Сооронбай Жээнбеков ал экөө менен чогуу ошол кездеги өлкөнүн президенти Аалмазбек Атамбаевдин кабыл алуусунда болушкан. Кийин, 2017-жылы иниси аркылуу Атамбаев жана Жээнбековдун Хабибулла Абдукадыр менен жалпы таанышуусу болгон. Андан кийин алардын Атамбаев менен мамилеси кандай өнүктү, бул тууралуу Жээнбековго белгилүү эмес.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>