Сузакта окуучуларды сүзгөн унаанын айдоочусу камакка алынды

Сузакта окуучуларды сүзгөн унаанын айдоочусу камакка алынды

Жалал-Абаддын Сузак районунда окуучу балдарды сүзүп кеткен унаанын айдоочусу кармалды. Бул облустук милициядан билдиришти.

Милициянын маалыматы боюнча, 48 жаштагы Б.Ж. аттуу айдоочу убактылуу кармоочу жайга камакка алынды. Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 312-беренесинин 2-бөлүгү (автомототранспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды эксплуатациялоонун коопсуздук эрежелерин бузуу) менен кылмыш иши козголду.

«Тийиштүү кызматтарга тергөө тапшырмалары берилип, жабыр тарткандарга соттук-медициналык экспертизалар дайындалды», — деп айтылат маалыматта.

Ал эми ИИМден билдиришкендей, бул окуя министрликтин жетекчилигинин көзөмөлүнө алынды. Алар көзөмөл жүргүзүү үчүн Сузакка жөнөп кетти.

Эскерте кетсек, буга чейин облустук милиция окуянын чоо-жайы тууралуу маалымат берген. Ал эми Саламаттык сактоо министрлиги кырсыктаган балдардын экөөнө операция жасалганын кабарлаган.

Айдоочу унаадан түшүп, телефон чалып жатканда унаасы жүрүп кеткен. Сузактагы кырсыктан чоо-жайы

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: ИИМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>