Президенттин Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча беш жылдык иш-чаралар планын ишке ашыруу боюнча атайын өкүлү Динара Кемелова XI Нева эл аралык экологиялык конгрессинин ишине катышты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Иш-чара Орусиянын Санкт-Петербург шаарында өттү. Ага 70тен ашык өлкөнүн мамлекеттик бийлик органдарынын, ишкер чөйрөсүнүн, коомдук бирикмелеринин өкүлдөрү жана эксперттер, ошондой эле 17 эл аралык уюм катышты.
Конгресстин башкы темасы “Жер планетасы: адам менен жаратылыштын гармониясы” деп аталды. Талкуунун өзөгү климаттын өзгөрүшү, азык-түлүк жана экологиялык коопсуздук, экологиялык мониторингди санариптештирүү, жашыл технологиялар, шаар экологиясы жана экотуризм маселелери болду.
Динара Кемелова экологиялык бакубаттуулукка жетишүүдөгү аялдардын ролуна арналган сессияда сөз сүйлөдү. Анда ал Кыргызстандын тоолорду туруктуу өнүктүрүү жана курчап турган чөйрөнү коргоо боюнча дүйнөлүк аренадагы демилгелери, тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча беш жылдык иш-аракеттердин аткарылышы, ошондой эле Кыргызстанда ишке ашырылып жаткан стратегиялардын, программалардын жана долбоорлордун алкагында аялдарга колдоо көрсөтүү жөнүндө айтып берди.
Ошондой эле Конгресстин алкагында Ирандын вице-президенти Шина Ансари, Малайзиянын Сенатынын төрагасынын орун басары Нур Жазлан Мохаммед менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрүлдү. Ошондой эле Мозамбиктин, Түштүк Африка Республикасынын, Буркина-Фасонун, Нигериянын делегацияларынын башчылары, парламент мүчөлөрү жана Орусиянын мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү менен жолугушуулар болду. Алардын жүрүшүндө Президенттин өкүлү Кыргызстандын тоолорго байланыштуу демилгелери тууралуу айтып берип, бул багытта жигердүү кызматташууну сунуштады.
Иш-чаранын соңунда делегация башчылары куурап калган бак-дарактарды калыбына келтирүү программасынын алкагында Таврид багына көчөт отургузууга катышышты.