Аскер прокуратурасынын жалган кызматкери кармалды

Аскер прокуратурасынын жалган кызматкери кармалды

Өзүн прокуратура кызматкери катары көрсөтүп, алдамчылык менен алектенген жаран кармалганын Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка караганда, Аскер прокуратурасынын тергөө башкармалыгына А.А. аттуу жаран арыз менен кайрылып, анда ал өзүн Аскер прокуратурасынын 4-бөлүмүнүн башчысы катары тааныштырган С.А. аттуу жаран анын ишениминен кыянаттык менен пайдаланып, алдамчылык жолу менен ири өлчөмдөгү акча каражаттарын ээлеп алгандыгын көрсөтүп, чара көрүүнү өтүнгөн.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголуп, тиешелүү ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө, ушул сыяктуу фактылар боюнча бир нече жолу кылмыш жоопкерчилигине тартылган жана соттолгон Ш.А.Т. аттуу жаран кылмышка шектүү катары кармалып, Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат. Аскер прокуратурасы жогорудагы адам тарабынан алданган учурлар болсо, Аскердик прокуратурасынын Тергөө башкармалыгына кайрылууну өтүнөт.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>