30-август: Кыргызстанда абанын температурасы +37 градуска жетип, айрым жерлерде жаан жаайтЖогорку Кеңештин төрагасы легендарлуу сумочу Хакухо Се менен жолуктуМонголиянын президенти Кыргызстанга ШКУ саммитине жана Көчмөндөр оюндарына катышуу үчүн келдиМилиция «Мадина» базарындагы өрттөн кийин камералардагы жазууларды изилдедиСи Цзиньпин Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келди«Ильшат» коомдук фонду Бишкекте гепатологиялык борбор курат
Кышкы ЖРТга каттоо жүрүүдө
18.10.2024 | 18:09
Кышкы жалпы республикалык тестирлөөгө каттоо жүрүүдө. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.
Каттоо 29-октябрга чейин Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун электрондук платформасында райондук/шаардык билим берүү бөлүмдөрү аркылуу онлайн жүргүзүлөт.
ЖРТга (кышкы кабыл алуу үчүн) орто билимге же кесиптик орто билимге ээ, колунда орто билимин тастыктаган аттестаты/диплому бар абитуриенттер гана катыша алышат.
Кышында окууга тапшыргандар контракттык негизде гана окуй алышат.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом