Прокурор акын Аскат Жетигенди 8 жылга абакка кесүүнү суранды

Прокурор акын Аскат Жетигенди 8 жылга абакка кесүүнү суранды

Прокурор акын, активист Аскат Жетигенди 8 жылга абакка кесүүнү суранды. Бул тууралуу «Кылым шамы» коомдук фонду билдирди.

Бүгүн, 25-июнда Бишкектин Свердлов райондук сотунда Аскат Жетигендин иши каралып, тараптар жарыш сөзгө өткөн. Прокурор жарыш сөзүндө соттон акынды 8 жылга эркиндигинен ажыратууну суранган.

Жергиликтүү басылмалар жазгандай, Аскат Жетиген өз сөзүндө ага коюлган айыптарды четке кагып, бийликти басып алууга жана массалык башаламандыктарга чакырык жасабаганын айткан.

Кийинки соттук отурум 1-июлга белгиленди. Анда Аскат Жетингенге сөз берилип, сот өкүм чыгарат.

Аскат Жетиген — ырчы, акын, обончу, комузчу. Ал элге «Зарыкканда», «Кусалык», «Кыргызым» аттуу ырлары менен таанымал. 18 жашында «Ордо Сахна» фольклордук-этнографиялык ансамблин жетектеген. Буга чейин ал азыркы бийликтин аракеттерин кескин сындаган видеокайрылууларды жасап келген.

15-мартта ал бийликти сындап, каарып-сөккөн видеокайрылуусун чыгарган. Бул видеодон кийин эле 16-мартта УКМКнын кызматкерлери Аскат Жетигенди Кочкордон кармап, Бишкекке алып кеткен. Бирок ал 15-марттагы эмес, ага чейинки видеокайрылуусу үчүн 2022-жылы козголгон кылмыш иши боюнча кармалганы кабарланган. УКМК ага «бийликти басып алууга чакырык жасоо» деген айып таккан.

Акын 48 саат камакта болгондон кийин 18-мартта Бишкектин Биринчи Май райондук соту тарабынан аны эч жакка кетпөө тилкаты менен бошотулган.

Бирок Аскат Жетиген 20-мартта УКМК тарабынан кайра кармалган. Бул ирет анын кармалышына 15-марттагы видеосу себеп болгон. Ага «массалык башаламандыктарга чакырык» беренеси менен иш козголгон.

Кийин иш тергелип бүтүп, Свердлов райондук сотунун кароосуна жөнөтүлгөн. 23-майдагы соттук отурумда Аскат Жетиген УКМКнын кызматкерлери кыйноого алганын билдирген. Акындын билдирүүсү боюнча УКМК азыркыга чейин үн ката элек.

Аскат Жетиген: Кыйноо УКМКда болгон (видео)

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>