Кыргызстан менен Россия агросектордогу кызматташтыкты күчөтөт: Москвадагы жолугушуулардын жыйынтыгы4-апрель: Көпчүлүк аймактарда жаан жаайтСогуштан кийинки дүйнө: баатыр шаарлар жана эс тутум тууралуу талаш-тартыштарБишкекте иттер сол салган баланы ооруканага жеткирген милиция кызматкери андан кабар алдыБишкекте ЖАМКтын подполковниги бассейнге чөгүп бараткан кызды сактап калды — чоо-жайыКыргызстандык спортчу Венгриядагы дзюдо турниринде биринчи орунду жеңип алды
Путин Эмомали Рахмонду орден менен сыйлады
04.10.2022 | 22:23
Россиянын президенти Владимир Путин Тажикстандын президенти Эмомали Рахмонду III даражадагы “Ата Мекен алдында сиңирген эмгек үчүн” ордени менен сыйлады.
Путин кол койгон жарлыкта, Рахмон эки өлкөнүн алакасын бекемдөөгө, аймактык коопсуздукту камсыздоого салым кошкону айтылат.
“Россия менен Тажикстандын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк мамилени бекемдөөгө, ошондой эле аймактык туруктуулукту жана коопсуздукту камсыздоого кошкон салымы үчүн Эмомали Рахмон – Тажикстандын президенти III даражадагы “Ата Мекен алдында сиңирген эмгек үчүн” ордени менен сыйлансын”, – деп айтылат документте.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом