«Кемпир-Абад» берилбесин: Эл президентти кантип узатты? — видео

«Кемпир-Абад» берилбесин: Эл президентти кантип узатты? — видео

Бүгүн, 4-октябрда президент Садыр Жапаров Кемпир-Абад суу сактагычынын айланасындагы маселе боюнча Өзгөн шаарында (Ош облусу) эл менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушууда «Кемпир-Абад» суу сактагычы, кыргыз-өзбек чек арасына байланыштуу маселелер тууралуу сөз болгон.

Социалдык тармактарда президенттин жолугушуудан кийин кетип бара жатканда тартылган видеосу чыкты. Анда көрүнгөндөй, президент өтүп бара жатканда чогулган эл Садыр Жапаровго кайрылып, «Кемпир-Абад берилбесин, эл каршы», «элге маалымат бергиле, элге ачыгын айткыла», «уят» деп кыйкырып жатат.

Президенттен кийин райондук администрациядан чыгып келе жаткан депутаттар Адахан Мадумаров менен Исхак Масалиевди эл кол чаап тосуп алды. Элдин арасында Мадумаровго кайрылып, «элге маалымат бербейснерби» деп айткандар болду.

Кемпир-Абад маселеси: Садыр Жапаров Өзгөнгө барды

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>