Путин менен Трамп Аляскада. Келишим жок, бирок “чоң прогресс” бар

Россиянын президенти Владимир Путин менен АКШнын президенти Дональд Трамп көптөн күткөн жолугушуусун Алясканын Анкоридж шаарындагы аскер базасында өткөрүштү.
Эки лидер дээрлик бир убакта учуп келип, кызыл килемде кол алышып тосушту. Андан кийин сүйлөшүүнү Трамптын лимузининин ичинде улантышты. The New York Times жазгандай, алар котормочусуз сүйлөшүшкөн, себеби Путин англисче эркин сүйлөйт.
Reuters агенттигинин маалыматына караганда, жолугушуу «күтүлгөндөн жылуу» болду: Трамп Путинди «эски досундай» тосуп алды. NBC News белгилегендей, бул жолугушуу Украинадагы согушту гана эмес, Россиянын кайрадан дүйнөлүк аренага кайтып келишин да талкуулоо үчүн маанилүү болду.
Тар курамдагы сүйлөшүү 2 саат 45 мүнөткө созулду. Путин жыйынтыгында сүйлөшүү «конструктивдүү атмосферада өттү» деп айтты. Ал: «Россия менен АКШ океан аркылуу бөлүнгөнү менен жакын коңшулар. Москва Украинадагы жаңжалды токтотууга кызыкдар», — деп белгиледи.
«Россия Украинанын коопсуздугу камсыз болушу керек деген ойго кошулат жана бул багытта иштөөгө даяр», — деди Путин жана Киевден да конструктивдүү мамиле күтөөрүн кошумчалады.
Россиянын лидери ошондой эле АКШда жаңы администрация келгенден кийин эки өлкөнүн товар жүгүртүүсү 20% өскөнүнө көңүл бурду.
Трамп өз кезегинде «чоң прогресс» бар экенин айтып, саммитти «абдан продуктивдүү» деп мүнөздөдү.
«Бизде тынчтыкка жетишүү үчүн жакшы мүмкүнчүлүк бар. Азырынча келишим жок, бирок мүмкүнчүлүк жогору», — деп баса белгиледи ал.
АКШнын президентинин айтымында, бир катар маселелер боюнча тараптар позицияларын макулдашты, бирок «эң маанилүү маселе Украина боюнча» азырынча келишим жок. Ал ошондой эле Путинди да өзүндөй эле жаңжалды токтотууга кызыкдар деп эсептээрин айтып, жолугушууга «он баллдык шкала боюнча он» деген баа берди.
Кызыктуу учурлардын бири, Путиндин жаңы жолугушуу тууралуу кыскача репликасы болду: «Кийинки жолу Москвадабы?» — деп сурады.Трамп: «Кызыктуу», — деп жооп берип, Россияга баруу мүмкүнчүлүгүн ачык калтырды.
Сүйлөшүүдөн кийин Путин Аляскадагы советтик учкучтардын көрүстөнүнө гүл койду. Россия президентинин АКШдагы визити болжол менен беш саатка созулду. Кремль бул сүйлөшүүнү «абдан позитивдүү» деп атап, «жагдайды жөнгө салуунун жолдорун издөөдө ишенимдүү кадам» деп баалады.
Жыйынтыгында тынчтык келишими кол коюлган жок, бирок тараптар диалогду улантууга даяр экенин көрсөтүштү. Путин үчүн бул дүйнөлүк аренага кайтып келүү болсо, Трамп үчүн украин жаңжалын жөнгө салууда ортомчу катары өзүн бекем көрсөтүү аракети болду. Негизги жыйынтыкка келсек, сүйлөшүүлөр жанданып, дипломатиялык эшиктер ачык бойдон калды.
Путин менен жолугушуудан кийин Трамп Fox News каналына берген маегинде үч тараптуу жолугушууну даярдап жатканын жарыялады: «Биз Зеленский, Путин жана мен катышкан сүйлөшүүлөрдү уюштурууга кириштик. Алар менин катышуумду каалашты. Мен барам», — деди ал.