Сауд Арабиясы Эр-Рияддагы аэропорттун жабылышын узартты13-октябрь: өлкөнүн айрым аймактарында жаан, тоолуу жерлеринде кар жаашы күтүлөт«Манас» аэропортун реконструкциялоого 130 млн доллар сарпталатУКМК: Баткен облусунда Тажикстанга малды мыйзамсыз өткөрүү каналы аныкталдыКыргызстанда майыптыгы бар адамдарды жумушка алуудан баш тарткандар үчүн айып салуу сунушталууда — мыйзам долбоору2027-жылы Жогорку Кеңештин чыгымдары 216 млн сомго көбөйтүлөт
Эки-Нарында жаңы көпүрө курула баштады
16.08.2025 | 13:38

Эки-Нарын айылында урап түшкөн көпүрөнүн ордуна жаңы көпүрө курулушу башталды. Аймакка транспорт министри, ӨКМ башчысы жана президенттин өкүлү барышты.
Транспорт министрлигинин маалыматына караганда, учурда көпүрөгө бетон куюу иштери жүрүп жатат. Ошондой эле Эки-Нарын айылына барчу альтернативдик жол да салынууда.
Эске салсак, 13-августта Нарын — Оорук-Там унаа жолунун 39-чакырымындагы көпүрө кыйрап, оор жүк ташыган унаа сууга кулап кеткен. 41 жаштагы айдоочунун сөөгү кечээ табылган.
Рубрики: Жаңылыктар