Путин менен Трамп телефондук сүйлөшүүдөн кийинки билдирүүлөрү
Кечээ Россия менен АКШнын президенттери Владимир Путин менен Дональд Трамптын телефондук сүйлөшүүсү болду. Сүйлөшүүлөр 2 саат 5 мүнөткө созулуп, андан соң мамлекет башчылары билдирүү жасашты.
Путин эмне деди?
– Россия Украинадагы согуштук аракеттерди токтотууну жактайт, бирок тынчтыкка карай эң натыйжалуу жолдорду иштеп чыгуу зарыл.
– АКШнын башчысы согуштук аракеттерди токтотууга байланыштуу өз позициясын билдирди.
– Россия Украина менен меморандум, анын ичинде ок атышууну токтотуу боюнча иштөөгө даяр.
– Москва менен Киев тынчтыкка максималдуу умтулуусун көрсөтүп, бардык тараптарга ылайыктуу компромисстерди табышы керек.
– Трамп менен сүйлөшүү маалыматтуу, ачык жана абдан пайдалуу болду. Путин Америка лидерине Россия менен Украинанын ортосундагы түз сүйлөшүүлөрдү кайра баштоого АКШнын катышуусу үчүн ыраазычылык билдирди.
Трамп эмне деди?
– Россия менен Украина ок атышпоого жетишүү жана согушту токтотуу үчүн дароо сүйлөшүүлөрдү баштайт.
– Шарттарды эки тарап мүмкүн болушунча тезирээк талкуулашат, анткени алар сүйлөшүүлөрдүн башка эч ким билбеген чоо-жайын билишет.
– АКШ президенти бул тууралуу Путин менен сүйлөшкөндөн кийин дароо Зеленскийге, фон дер Лейенге, Макронго, Мелониге, Мерцке жана Стубга билдирген.
– Орус лидери менен баарлашуу “эң сонун болду”.
– Россия конфликт аяктагандан кийин АКШ менен ири соода жүргүзүүгө кызыкдар жана Трамп да макул.