Райымбек Матраимов 7,5 айдан кийин камактан бошотулду

13.11.2024 | 16:16

Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун бөгөт чарасы өзгөртүлүп, камактан бошотулду. Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунан билдиришти.

Матраимовдун бөгөт чарасы 11-ноябрда каралып, УКМКнын тергөөчүсүнүн өтүнүчү боюнча сот аны эч жакка кетпөө тилкаты менен бошоткон.

Эскерте кетсек, быйыл жыл башында Райымбек Матраимов издөөгө алынганы белгилүү болгон. Ал 26-мартта УКМК тарабынан Азербайжандан Бишкекке алынып келген. Ал ошондон бери камакта болгон. Соңку ирет анын бөгөт чарасы 24-октябрда каралып, Матраимов 26-декабрга чейин камакта калтырылган.

УКМК Матраимов Кылмыш-жаза кодексинин 169-беренеси (адамды эркиндигинен мыйзамсыз ажыратуу) жана 222-берене (кылмыштуу кирешелерди адалдоо) боюнча шектелип жатканын кабарлаган.

Бирок кийинчерээк 222-берене алынып, анын ордуна 378-берене (чек араны мыйзамсыз кесип өтүү) кошулган.

2021-жылы ал «коррупция» беренеси менен соттолгон.

Scroll to Top