Расмий сапар. Кытай парламентинин төрагасы Кыргызстанга келди

Бүгүн, 23-июлда, Кытай Эл Республикасынын Бүткүл Кытай эл өкүлдөр жыйынынын Туруктуу комитетинин төрагасы Чжао Лэцзи расмий сапар менен Кыргызстанга келди. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.
“Манас” эл аралык аба майданында мартабалуу меймандын Кыргызстанга болгон сапарын Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Нурланбек Азыгалиев, ошондой эле Кытай менен кызматташуу боюнча депутаттык достук тобунун жетекчиси Исхак Масалиев тосуп алышты.
Сапардын алкагында жогорку деңгээлдеги жолугушуулар жана бир катар иш-чаралар белгиленген. Атап айтканда, Чжао Лэцзи менен Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулунун сүйлөшүүлөрү өтөт.
Жолугушууда тараптар парламенттер аралык кызматташтыкты тереңдетүү, регионалдык коопсуздук жана стратегиялык өнөктөштүктүн багыттарын талкуулашат.