Ош шаарында декабрда балмуздак жана сүт азыктарын чыгаруучу завод ишке киретМурда алты жолу соттолгон жаран баңгизат менен кармалдыКыргызстанда дары-дармектерди сактоо жана ташууга көзөмөлдү күчөтүү көздөлүүдөКыргызстанда 680 сомдон эт сатуучу дагы 100 павильон ачуу пландалуудаУлуттук госпиталдын көз микрохирургия бөлүмүнө 68 млн сомдук медициналык жабдуулар берилдиЖапонияда Борбор Азияны бирдиктүү турпродукт катары илгерилетүү сунушталды
Оор кырдаалга кабылган аялдар үчүн ишеним телефону иштей баштады
23.07.2025 | 14:37
«Эне үйү» долбоорунун алкагында оор жашоо кырдаалына кабылган аялдар үчүн ишеним телефону иштей баштады.
Маалыматка ылайык, адистер төмөнкү жагдайларга туш болгон аялдарга жардам жана колдоо көрсөтүшөт:
- Эгерде аял ымыркай менен көчөдө же кооптуу чөйрөдө калса;
- Зомбулукка, кысымга же коркутууга туш болуп жатса;
- Турак жайдын, колдоонун же каражаттын жоктугунан улам баланы жоготуу коркунучунда турса.
Ишеним телефону: +996 (501) 000 216
Телефон күн сайын саат 9:00дөн 21:00гө чейин иштейт. Чалуулар акысыз жана анонимдүү.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом
Теги: ишеним телефону