Равшан Сабиров эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Дайындоо тууралуу жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.
Равшан Сабиров 54 жашта. 2010-2011-жылы Жогорку Кеңештин депутаты болгон.
2011-2012-жылдары социалдык өнүктүрүү министри кызматын ээлеген. 2012-жылы июлда ал пара опузалоого шектелип кармалып, кызматтан алынган. 2013-жылы 7-мартта Бишкек шаардык соту аны күнөөлүү деп таап, 5 жылга эркинен ажыраткан. 2014-жылы Сабиров мунапыс менен абактан чыккан.
2020-жылы 12-октябрда вице-премьер-министр кызматына дайындалган. 2021-жылы февралда президенттин кеңешчиси болгон. Ошол эле жылы Жогорку сот ага чыгарылган өкүмдү жокко чыгарган.
2021-жылы декабрда Жогорку Кеңешке депутат болуп шайланып келген.
2022-жылы мартта Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору кызматына дайындалган. Ошол эле жылы сентябрда арыз жазып, кызматтан кеткен.
Сабиров арадан 12 жыл өткөндөн кийин Социалдык камсыздоо министрлигин кайра жетектей турган болду.