19-сентябрга карата өлкөдөгү аба ырайынын божомолуӨКМдин мурдагы башчысы Ала-Арча дарыясынын жээгиндеги мыйзамсыз курулуш үчүн кармалдыКыргызстанда «Табигый Кыргыз Жаңгагы» бренди түзүлүүдө. Азыр ал кайсы этапта?Эми кыргызстандыктар Түштүк Кореяга EPS системасы аркылуу ишке орношо алышатБаткенде 36-эл аралык «Өрүкзар» поэзия фестивалы башталдыКасымалиев кызматын аткарып жатып каза болгон куткаруучунун үй-бүлөсүнө батирдин ачкычын тапшырды
Кыргызстандык окуучу Азербайжандагы олимпиадада 3-орунга татыды
09.12.2024 | 12:02
Кыргызстандык окуучу Султан Мусаходжаев Азербайжандын Ленкоран шаарындагы табигый илимдер боюнча эл аралык олимпиадада 3-орунду ээледи. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.
Үчүнчү орунга татыган Султан Мусаходжаев Бишкектеги №70 мектеп-гимназиянын 9-классында окуйт. Аны бул олимпиадага математика боюнча Кыргызстандын курама командасынын машыктыруучусу Мамат Ишматов даярдаган.
Олимпиадага Азербайжан, Россия, Казакстан, Кыргызстан, Грузия, Өзбекстан, Тажикстанжана Беларустун мектеп окуучулары катышууда. Ал 5-декабрда башталган, 12-декабрда жыйынтыкталат. Жарыш физика, химия жана математика сабактары боюнча өтүүдө.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом