Равшан Жээнбеков УКМКга суракка чакыртылды

11.10.2020 | 10:33

Шайлоодон кийинки толкундоолор учурунда абактан чыккан саясатчы Равшан Жээнбеков Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине суракка чакырылды. Бул тууралуу ал Facebook баракчасына жазды.

“Саат 10:00дө УКМКга күбө катары суракка барам. Балким, бул жолу дагы массалык баш аламандык фактысынын “уюштуруучусу” болуп калам”, – деген ал.

Белгилей кестек, 6-октябрга караган түнү “Ала-Тоо” аянтында болгон башаламдыктан кийин мурдагы президент Алмазбек Атамбаев баштаган бир нече саясатчы абактан чыгарылган.

10-октябрь күнү УКМК менен ИИМдин биргелешип  өткөргөн операциясынан кийин Алмазбек Атамбаев, Фарид Ниязов, Канат Сагынбаев, Дамир Мусакеев кармалган.

Башкы прокуратура 10-октябрь күнү билдирүү таратып, абактан чыгып кеткендердин баарын өз ыктыяры менен кайра абакка кайтууну талап кылды.

Scroll to Top