Кулов: Жээнбеков президенттиктен кетсе “кылмыштык шалаакылык» болот

Кулов: Жээнбеков президенттиктен кетсе “кылмыштык шалаакылык» болот

Мурдагы премьер-министр Феликс Кулов Садыр Жапаровдун премьер-министрликке мыйзамсыз бекитилгенин билдирди. Мындай билдирүүнү саясатчы Фейсбуктагы баракчасына жазды.

Ал Садыр Жапаровду өкмөт башчылыкка дайындоодо парламенттин кезексиз жыйыны кворумсуз өткөнүн билдирген. 

«Жыйынга 51 депутат катышып, 10 депутаттын ишеним каты бар экени айтылды. Бирок бул ишеним каттар залда 61 депутат катышкан учурда гана күчкө ээ болот. Эгер мындай сандагы депутаттар катышпаса, алар кабыл алган чечимдер мыйзамсыз жана аткарылбашы керек. Мындан улам Садыр Жапаров шайланган премьер-министр болуп саналбайт», — деп жазган Кулов.

Ошондой эле Феликс Кулов президент Сооронбай Жээнбековдун кызматтан өз арызы менен кетери жөнүндө билдирүүсү тууралуу да пикирин айткан. Ал мындай учурда президенттин кетиши «кылмыштык шалаакылык» болорун эскерткен.

Мындан сырткары мыйзамдын талаптарын эске албаган депутаттардын аракетин сынга алып, өлкөдөгү «башаламандыкка жол ачып жатат» деп айыптаган.

https://www.facebook.com/permalink.php?story_fbid=943339139522757&id=100015400396703

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>