Бишкекте жол тандабас жөө өтмөктөн 25 жаштагы жаранды сүзүп кетип, ал каза таптыСадыр Жапаров «Дастан» заводунда дрондорду өндүрүүнү ишке киргизүүнү тапшырдыКазакстанда Борбордук Азиядагы эң ири шамал электр станциясынын курулушу башталдыБишкек мэриясы шаарга 625 кичи автобус сатып алууну көздөөдөКытай менен чек арадагы өткөрүү пункттары 4-апрелден тарта ишин убактылуу токтототБишкекте «Жеңиш 9/45» кыймылынын эгидасы астында «Кинопанорама» кинофоруму башталды
Раззак Бейшекеев Бишкектеги Азия чемпионатында күмүш утту
16.04.2024 | 19:13
Грек-рим күрөшү боюнча балбан Раззак Бейшекеев (67 кг) Бишкекте өтүп жаткан Азия чемпионатында күмүш байге утту.
Бейшекеев таймашты квалификациялык баскычтан баштап, катары менен монголиялык, казакстандык жана кореялык балбандарды утуп, финалга чыккан.
Финалда ал ирандык спортчу Саед Морад Эсмаели менен күч сынашып, ага 1:3 эсебинде жеңилди. Натыйжада Бейшекеев Азия чемпионатынын күмүш байгесине татыды.
Эскерте кетсек, былтыр ал Азия чемпионатында коло уткан.
Шаршенбеков атаандаштарына бир да упай бербей, Азия чемпионатын утту (видео)