Раззак Бейшекеев грек-рим күрөшүндө алтын алып, Азия чемпиону болду

09.04.2026 | 10:22

Бишкек шаарында өтүп жаткан спорттук күрөш боюнча Азия чемпионатында кыргызстандык балбан Раззак Бейшекеев грек-рим күрөшү боюнча биринчи орунду ээледи. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт агенттиги билдирди.

67 кг чейинки салмакта күч сынашкан балбан финалга чейинки беттештеринде Түштүк Кореянын жана Ирандын өкүлдөрүн жеңген. Финалда Жапониянын балбанын утуп, Азия чемпиону аталды. Бул Раззак Бейшекеевдин карьерасындагы Азия чемпионатынын алгачкы алтын медалы болуп саналат.

Бул жеңиш Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча курама командасы үчүн мелдештеги төртүнчү алтын байге болду. Буга чейин, 7-апрелде Афтандил Таалайбек уулу, Акжол Махмудов жана Асан Жанышов алтын медалдарды жеңип алышкан.

Мелдештин жыйынтыгы боюнча грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстандын курама командасы жалпы командалык эсепте экинчи орунду ээледи.

Scroll to Top