Раззаковго учак учуп баштады, бирок баасы арзандаган жок

Раззаковго учак учуп баштады, бирок баасы арзандаган жок

Баткен облусунун Баткен жана Раззаков аэропортторуна учак учуп баштады. Бул тууралуу Reporter.kg’ге ички каттамдарды аткарган «Тезжет» авиакомпаниясынан ырасташты.

Бул аптадан баштап, каттам кайра ачылды. Раззаков шаарына билет баасы — 6 миң 500 сом. «Тезжет» пенсия курагындагы жүргүнчүлөр үчүн 50 пайыздык жеңилдик сакталганын кошумчалады.

Авиакомпания 1-июлда бузулуп, кайра Бишкекке кайтып келген учагы оңдоодон өткөнүн белгиледи.

Ал арада Бишкек-Баткен багыты боюнча билет кайра кымбаттап, 31-июлдан 11-августка чейин 6 миң 400 сомдон сатылып жатат.

Ички каттамдардын ичинен Баткендеги эки шаарга авиабилет эң кымбат сатылат. Жогорку Кеңештин депутаттарынын кайрылуусунан кийин өткөн жылы 6 миң сомдон 5 миң 700гө түшүрүлгөн болчу.

«Тезжет» сайтында «АККА компаниялар тобуна» таандык экендиги көрсөтүлгөн.  Анын карамагына бир нече ишкана кирип, коомдук фонд Жогорку Кеңештин депутаты Бактыбек Сыдыковго катталган. Эл өкүлү өзү дагы 2023-жылы «Кактус» медиага берген маегинде ал түптөгөн «АККА» «Тезжетти» сатып алганын таксыктаган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>