Региондогу жашоо. Ташиев чиновниктерге муштумун кезегенден эмне өзгөрдү?
Мындан бир аз убакыт мурда УКМК төрагасы, Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Камчыбек Ташиевдин аймактардагы мамлекеттик жетекчилерге карата сөгүштөрү жана кескин сындары коомчулуктун көңүл чордонунда калды. Алгач Ысык-Көл облусундагы коллегиялык жыйында бир нече аким, орун басар, билим берүү жетекчилери «жетишсиз иши» үчүн сөгүш алды, айрымдары эскертүү менен чектелди. Ал эми айрымдарынын кызматтык тарыхын текшерип чыгууга УКМКга тапшырма да берди. Мындан улам жер-жерлердеги “чоңдор” кадимкидей жанданып, эки-жагын “тазалай” башташты. Камчыбек Ташиев аймактарды кыдырууну улантып, мындан ары көзөмөлгө алуу тынымсыз болоорун, себеби колу кыргыз-тажик чек арасын тактоо жана чечүү иштеринен толугу менен бошогонун айтты. Бул кадам коомчулукта ар түрдүү пикир жаратып, жергиликтүү бийлик системасында реалдуу өзгөрүүлөр болобу деген үмүт пайда болду. Эми ошол чечкиндүү билдирүүлөрдөн кийин эмне өзгөрдү же өзгөрө баштады? “Reporter. kg” бул ирет дал ушул темага саресеп салат.

Токмок менен Кара-Балтанын мэрлеринин кармалышы ачык сигнал
Аймактык башкарууга болгон көзөмөл күчөгөнүнүн ачык белгиси катары Токмок жана Кара-Балта шаарларынын мэрлеринин коррупция шектелип камакка алынышы десек болот. Бул окуялар жергиликтүү бийликтин жоопкерчилигин күчөтүү боюнча бийликтин чечкиндүү кадамдары катары коомчулук тарабынан колдоо менен бааланды. Буга чейин мындай жоопкерчилик — көбүнчө сөгүш же жумшак ротациялар менен чектелип келгени белгилүү. Эми болсо укук коргоо органдарынын түз кийлигишүүсү күчөдү. Демек, мындай нукта жергиликтүү жетекчилерде “сестенүү” эртеңин ойлоо жана мыйзам алдындагы жоопкерчилик деген түшүнүк күчөшү турган кеп.

Ысык-Көл, Нарын, Жалал-Абад, Ош: Катуу тил уккан облустар
Ташиев Ысык-Көл жана Нарын облустарында да мамлекеттик кызматкерлерге талапты катуулатып, натыйжасыз иштеген жетекчилерди эл алдында ачык сынга алды. Жалал-Абад жана Ошко болгон сапарлар учурунда дагы бир нече жетекчи “ишке жоопкерсиз мамиле кылганы” үчүн оозеки эскертүүлөрдү алды. Коомчулукта бул көрүнүштү «жаңы бийликтин катуу тартиби» же «коркутуу ыкмасы» деп ар кандай баалашууда. Себеби эл ичинде айтылып, күлкү катары айтылып калган “30 жылда мындай болгон эмес. Чынында мурунку бийликтердин тушунда эл алдында чиновниктерди зекип, болгондо да жеринен кармап кеткен окуялар эч кимдин эсинде жок.

Оштогу жыйынтыксыз иштер жана сөгүштөр
Кечээ Ош облусу боюнча өткөн коллегияда негизги көңүл бурулган маселелердин бири – аймактардагы өнөр жай, билим берүү жана инвестиция тартуу ишмердүүлүгүнүн солгундашы болду. Ноокат районунун акими Э.А. Чакибаевдин иши жетишсиз деп табылып, Өзгөн жана Араван райондорунун биринчи орун басарларына расмий эскертүүлөр берилди. Билим берүү тармагындагы кемчиликтер үчүн жети район боюнча акимдердин социалдык маселелерге жооптуу орун басарлары сынга алынды. Коллегиядан кийин бир катар райондордо ички кызматтык текшерүүлөр башталганы тууралуу маалыматтар пайда болду. Айрым райондордо билим берүү бөлүмдөрүндө жаңы уюштуруу иштери жүрүп жатканы байкалууда. Бирок расмий түрдө кызматтан алуу же жаңы дайындоолор боюнча маалыматтар азырынча чектелүү.

Сөгүштүн жыйынтыгы: Мэр, акимдер чарбачыл болуп калдыбы?
Аймактардан келип жаткан маалыматтар боюнча, сөгүш жана эскертүүлөрдөн кийин көптөгөн жетекчилер активдүүлүгүн жогорулатты. Шаар жана район башчылары элге көрүнүп, тазалык, инфраструктура, билим берүү, саламаттыкты сактоо сыяктуу тармактарда көзөмөлдү күчөтө баштады. Кээ бир райондордо таштанды чыгаруу, көчөлөрдү жарыктандыруу, скверлерди оңдоо боюнча чукул тапшырмалар берилип, негедир ошол замат аткарылууда. Айрымдар жеринде иштеп жаткан сүрөттөрүн социалдык тармактарга жигердүү чыгарып, отчеттуулук аркылуу “жумушта экенин” көрсөтүүгө аракет кылып жатышат.

Бирок бул көрүнүштөр реалдуу өзгөрүүнүбү же формалдуу аракетпи бул дагы деле чоң суроо. Көп жылдан бери жоопкерчилик сезими төмөн болуп турукташып калган системада, мындай басым кээде реалдуу натыйжа берип жатканы дагы байкалат.

“Сөгүү” иштейби, же системалуу реформа керекпи?
Бир караганда, Ташиевдин басымынын артынан чиновниктер “тирилип”, иштей баштаганы көрүнүп жатат. Бирок бул туруктуу өнүгүүгө алып келеби? Узак мөөнөттүү өзгөрүү бул отчет үчүн иштөө эмес, системалуу реформа, аймактык башкарууну санариптештирүү, ачыктык жана эл менен туруктуу байланыш орнотуу аркылуу гана мүмкүн болот дешет эксперттер.

Элдин пикири эмне дейт?
Социалдык тармактардагы талкууларда бул окуяга карата түрдүү пикирлер байкалууда. Айрымдар “чоңдор жоопкерчилик тартып жатат” деп кубанса, башкалар мындай сөгүштөрдү саясий популизм деп сыпатташууда.

Коопсуздук органдарынын таасири күчөдүбү?
Камчыбек Ташиевдин сөгүш жарыялоосу аймактык жетекчилерге “четтен көзөмөл күчөп жатат” деген ачык белги катары кабыл алынды. Натыйжада жергиликтүү бийлик өкүлдөрү отчеттуулукка жана формалдуу көрсөткүчтөргө көбүрөөк көңүл бура баштады. Бирок бул ыкма сапаттык өзгөрүүлөргө алып келеби – бул азырынча чоң суроо.

Мына ушундай окурман! Саяпкер күчтүү болсо ат күлүк болот деген кыргыздын накыл кеби бекеринен айтылбагандай. Бийлик башында турган жетекчилер жергиликтүү мамкызматкерлерди чапкылап иштетпесе өлкөдө абалды оңдоо кыйынга турмак. Жалпы система иштемей сайын, машинанын жалгыз аракети жалпы регионду алдыга сүрөй албайт эмеспи. Андыктан жыйынтыктап айтканда бүгүнкү бийликтин элдин жашоосун алга сүрөө аракети карапайым калк ичинде колдоого алынып жатканы факт!