Рейтингдик мелдеш: Эки кыргыз балбаны коло үчүн күрөшөт

Рейтингдик мелдеш: Эки кыргыз балбаны коло үчүн күрөшөт

Кыргызстандык эркин күрөш боюнча балбандар Алмаз Сманбеков (57 кг) менен Алибек Осмонов (70 кг) Венгриядагы рейтингдик мелдеште коло үчүн күрөшөт.

Эки балбан тең беттешти чейрек финалдан баштап, бирок алгачкы кармаштарында жеңилүү ызасын тарткан. Ошол эле учурда аларды уткан балбандар финалга өткөндүктөн, кыргызстандык спортчулар коло медаль үчүн күрөшүүгө мүмкүндүк алды.

Сманбеков үчүнчү орун үчүн азербайжандык балбан Алиаббас Рзазеде жана Осмонов грузиялык Эдеми Болквадзе менен күрөшөт.

Беттештер Бишкек убактысы боюнча саат 22:00до башталат.

Белгилей кетсек, буга чейин 61 салмакта Тайырбек Жумашбек уулу финалга чыгып, алтын үчүн күрөшө турган болгон.

Рейтингдик мелдеш: Жумашбек уулу атаандашын тушеге басып, финалга чыкты (видео)

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>