Кыргызстандык салык төлөөчүлөр кыймылсыз мүлк боюнча маалыматтарды тактоого чакырылдыСадыр Жапаров Казакстанда бир палаталуу парламент түзүү демилгесин колдойтКонституциялык сот: Президенттик шайлоону мөөнөтүнөн мурда өткөрүүгө негиз жокӨкмөт башчы ишкерлерди негизсиз текшерүүнү токтотууну талап кылдыОш мэриясы: мэр Жеңишбек Токторбаев кызматтан кетери айтылган маалыматтар жалганКыргызстандын Айыл чарба министрлиги ЕАЭБ менен бирдиктүү санариптик мейкиндикти түзүүнү аяктоодо
“Республика” менен “Социал-демократтар” бириктиби?
06.10.2020 | 13:17
“Республика” саясий партиясы менен “Социал-демократтар” бирикти деген пикир чындыкка коошпойт. Бул тууралуу депутат Руслан Казакпаев билдирди.
Буга чейин Интернет айдынына түрмөдөн түндө бошотулган мурдагы премьер-министр Сапар Исаков, “Республика” партиясынын депутаты Руслан Казакпаев жана Атамбаевдин тушунда 9-башкармалыкты жетектеп турган Дамир Мусакеевдин чогу отурган сүрөтү жарыяланып, жогорудагы эки саясий партия бирикти деген пикир тараган.
Казакпаев кошумчалагандай, учурда 11 саясий партия өлкөдөгү кырдаал боюнча активдүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат