Кыргызстандын башчысы өлкөнүн түштүгүнө эки күндүк сапар менен барат — Аскат АлагөзовТаттуу түшүм: Кыргызстанда 650 миң тонна кызылча жыйноо пландалуудаТрамп: Украинага жаңы лидер шайлоого убакыт келди — АКШ президенти дагы эмнелерди айттыКазакстанда кыргызстандык аялдан 35,1 млн сомдук алтын алынды — чоо-жайы11-октябрь: Кыргызстанда жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз +28° чейин жылуу болотЧүй облусун өнүктүрүүгө 10 млрд сом бөлүндү — Садыр Жапаров
“Республика” менен “Социал-демократтар” бириктиби?
06.10.2020 | 13:17
“Республика” саясий партиясы менен “Социал-демократтар” бирикти деген пикир чындыкка коошпойт. Бул тууралуу депутат Руслан Казакпаев билдирди.
Буга чейин Интернет айдынына түрмөдөн түндө бошотулган мурдагы премьер-министр Сапар Исаков, “Республика” партиясынын депутаты Руслан Казакпаев жана Атамбаевдин тушунда 9-башкармалыкты жетектеп турган Дамир Мусакеевдин чогу отурган сүрөтү жарыяланып, жогорудагы эки саясий партия бирикти деген пикир тараган.
Казакпаев кошумчалагандай, учурда 11 саясий партия өлкөдөгү кырдаал боюнча активдүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат