Республикалык күйүк борборуна жабдууларды сатып алууга 24 млн сом бөлүндү

23.07.2025 | 10:27

Министрлер Кабинети Клиникалык медициналык тез жардам ооруканасынын күйүк бөлүмү үчүн медициналык жабдууларды жана буюмдарды сатып алууга 24 млн 431 миң сом бөлдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Тиешелүү чечимге өкмөт башчы Адылбек Касымалиев кол койду. 

“Жыл сайын Күйүк бөлүмүнө ар кандай түрдөгү күйүк жаракаттары менен 1700дөн ашуун адам кайрылат. Жыл сайын орточо 800 операция жүргүзүлөт, ал эми хирургиялык активдүүлүк 94,1% түзөт. Бирок керектүү жабдуулардын жоктугу калыбына келтирүү процессин жайлатып, инфекциялардын коркунучун жогорулатат”,- деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, буга чейин Адылбек Касымалиев Республикалык күйүк борборуна барып, ал жактагы көйгөйлөрдү угуп, заманбап медициналык жабдууларды алып берүү боюнча тапшырма берген.  

Scroll to Top