Республикалык спорт колледжинин базасында футбол академиясы түзүлөт

Кыргыз футбол биримдиги жана Шералы Сыдыков атындагы Республикалык олимпиадалык резервдеги спорт колледжи футбол академиясын түзүү боюнча макулдашууга жетишти. КФБнын маалыматында, академия колледждин базасында иш алып барат.
Долбоордун максаты — спорт колледжиндеги футбол бөлүмүнүн ишин камсыз кылуу жана колледждин командаларын Кыргыз футбол биримдигинин (КФБ) мелдештер системасына интеграциялоо. Академияда спорт колледжинде билим алып жаткан 2009–2013-жылдары туулган оюнчулардан командалар түзүлүп, алар тиешелүү жаш курак категориялары боюнча Кыргызстандын чемпионаттарына катыштырылат.
Футбол академиясынын директору болуп Тилек Кожоматов, ал эми спорттук директору болуп Самат Суймалиев дайындалды.
Академиянын түзүлүшү өспүрүмдөр футболун өнүктүрүүгө, машыктыруучулук жана административдик курамды калыптандырууга, ошондой эле спорт колледжинин тарбиялануучуларынын республикалык деңгээлдеги мелдештерге туруктуу катышуусун камсыз кылууга багытталган.