Рио-де-Жанейродо кылмыштуу топко каршы жасалган операцияда 64 адам өлдү

Рио-де-Жанейродо кечээ, 28-октябрда, баңги картелдерге каршы ири операция жасалып, кеминде 64 киши каза болду. Бул тууралуу Reuters маалымат агенттиги жазды.
Маалыматка ылайык, бул операция БУУнун климат боюнча саммитине бир нече күн калганда баңги жүгүртүү менен алектенген ири кылмыштуу топко каршы жүргүзүлгөн. Операциялар Алемао жана Пенья фавелаларында жүрүп, өлкөнүн тарыхындагы эң кандуу операция болуп калды.
Рио штатынын губернатору Клаудиу Кастро 64 адам, анын ичинде төрт полиция кызматкеринин өлгөнүн билдирген. Анын айтымында, операцияга 2,5 миң коопсуздук кызматкери тартылган. Ал соцтармагына: “Биз баңги терроризмине чечкиндүү түрдө каршы турабыз”,- деп жазган.
“Рионун фавелалары — деңиз жээгиндеги тоолуу аймактарда жайгашкан жакыр конуштар. Шейшемби күнү эртең менен алардын үстүнөн түтүн көтөрүлдү: кылмыштуу топтор бронетехниканын кыймылын жайлатуу үчүн автоунааларды өрттөп жиберишкен. Шаарда ок атышуулар жаңырган. Полиция тараткан видеолордо шектүүлөрдүн полицияга каршы граната жабдылган дрондорду колдонгону жана куралчан адамдардын токой тарапка качканы көрсөтүлгөн”,- деп айтылат маалыматта.
Кагылышуулардан улам ондогон мектептер менен медициналык жайлардын иши токтоп, автобус каттамдары өзгөртүлүп, борбор шаардагы бир нече райондо транспорт кыймылы дээрлик токтоп калган.
Губернатор Клаудиу Кастро операциянын жүрүшүндө 81 адамдын кармалганын ырастаган.