IT-компаниялар Кыргызстандан келген студенттерге кызыкдар — «Касперский лабораториясы»Жапаровдун АКШдагы сапары: Кыргызстанда америкалык “Ситибанктын” филиалын ачуу меселеси каралдыКыргыз-кытай чек арасы убактылуу жабылатБишкектин Калыс-Ордо конушуна 650 орундуу жаңы мектеп салындыКытай менен чек арадагы көпүрө Кыргызстанга болжол менен $1 млн чыгым болушу мүмкүнБазар-Коргондо лицей окуучуларына мыйзамсыз аттестат берилген. Башкы прокуратури иш козгоду
Ашууларда кар. Төө-Ашуу менен Ала-Белде убактылуу чектөө киргизилип, Өтмөк ашуусу жабылды
29.10.2025 | 09:40

Аба ырайынын кескин өзгөрүшүнөн жана жааган кардан улам Төө-Ашуу менен Ала-Бел ашууларында 28-октябрь саат 21:00дөн тарта оор жүк ташуучу унааларга убактылуу чектөө киргизилди. Бул тууралуу Транспорт министрлиги билдирди.
Бүгүн, 29-октябрь, саат 09:30га карата аталган ашууларда киргизилген убактылуу чектөө күчүндө.
Ал эми Суусамыр-Талас-Тараз жолундагы Өтмөк ашуусунда унаалардын бардык түрүнө убактылуу жол жабык. Азыркы тапта тазалоо, инерттик материалдарды себүу иштери жүрүп жатат. Бир саат аралыгында жеңил унааларга каттам берилери күтүлүүдө. Кошумча маалымат берилет.
Министрлик кандай кырдаал жаралбасын каршы тилкеге чыкпай, жол эрежесин так сактоого жана унаа дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштырып алууга чакырды.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом