«Росатомдун» басма сөз кызматынын билдирүүсү

15.09.2025 | 14:49

«Росатом» Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Ядролук медицина борборун түзүү чечимин колдойт. Бул өлкө элинин алдыңкы жогорку технологиялык медициналык жардамга жетишин камсыздоочу маанилүү кадам болуп саналат.

«Росатом» Кыргыз Республикасы менен кызматташууну мындан ары да өнүктүрүүгө даяр. Компания Улуттук онкология жана гематология борборунун, Саламаттыкты сактоо министрлигинин жамааты менен биргеликте молекулярдык визуализация жана радионуклиддик терапия бөлүмдөрү жана радиофармпрепараттарды өзүнүн өндүрүшү бар заманбап ядролук медицина борборунун долбоорунун үстүндө бир нече жылдан бери иштеп келет.

«Росатом» мамлекеттик корпорациясы иштин биринчи этабы катары 2022-жылдан бери Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин Улуттук онкология жана гематология борборуна узак мөөнөт токтоп, кийин иштей баштаган ядерлик медицина бөлүмүн ишке киргизүү үчүн акысыз усулдук жана технологиялык колдоо көрсөтүп келет. Биздин эксперттик топ бөлүмдүн иштөөсү үчүн зарыл болгон лицензияларды жана уруксат кагаздарды алууга жардам берип, кызматкерлерди окутту. Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттиктин (МАГАТЭ) техникалык кооперациясынын программасынын алкагында технеция-99m генераторлору жана муздак топтомдор үзгүлтүксүз жеткирилип берилүүдө. 2025-жылдын май айынан баштап, Ядролук медицина бөлүмү туруктуу клиникалык иштерди жүргүзүп, бир фотондуу эмиссиялык компьютердик томографиянын (ОФЭКТ) изилдөөлөрүнүн кеңири спектрин аткарып келет. Кыргыз Республикасында ядролук медицинаны өнүктүрүүнүн кийинки этабы улуттук ядролук медицина борборун түзүү болуп саналат. «Росатом» мамлекеттик корпорациясы бул долбоорду ишке ашырууда Кыргыз Республикасына ар тараптуу колдоо көрсөтөт.

Маалымат катары

Россия шериктеш өлкөлөр менен кызматташууга басым жасап, эл аралык соода-экономикалык мамилелерди ырааттуу өнүктүрүүдө. «Росатом» мамлекеттик корпорациясы жана анын ишканалары жигердүү катышып жаткан ядерных технологиялар тармагындагы чет өлкөлүк долбоорлорду ишке ашыруу уланууда.

«Росатомдун» Россияда жана чет өлкөлөрдө адистештирилген инфраструктураны түзүү жана ядерлик медицина объекттерин куруу боюнча олуттуу тажрыйбасы бар. Компания улуттук долбоорлорду технологиялык жактан колдоо жана ачкыч менен жабууга чейин медициналык объектилерди курууга, ошондой эле ядерлик медицина тармагындагы адистердин даярдыгын жана квалификациясын жогорулатуу программаларын ишке ашырууда көмөк көрсөтүүгө даяр.

«Росатом» топ-5 дүйнөлүк жабдып туруучулардын бири. Изотоптордун экспорту 2023-жылы 15% жана 2024-жылы 7% га өстү. Жыл сайын компаниянын изотопторун колдонуу менен 2,5 млнго жакын процедура аткарылат; 50 өлкөнүн 170тен ашык компанияларына жеткирүүлөр жүргүзүлүп турат.

Scroll to Top