ӨКМ: 2-апрелге чейин айрым ашууларга кар көчкү түшүүсү күтүлөт1-апрелде Бишкектин бир бөлүгүндө суу өчүрүлөт29-мартка карата аба ырайыЭл аралык олимпиада комитети аялдар арасындагы мелдештерге трансгендерлердин катышуусуна тыюу салдыБишкекте Кожевенная көчөсү оңдоого жабылатКыргызстанда органдарды трансплантациялоо программасы кеңейтилүүдө: бөйрөк бекер алмаштырылат, кезекте — боор
Россия Кыргызстанга жаңы элчи жөнөтөт
19.06.2024 | 09:00
Росссиянын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченко кызматтан бошотулуп, анын ордуна Сергей Вакунов дайындалды. Тиешелүү жарлыктарга Россиянын президенти Владимир Путин кол койду.
Белгилүү болгондой, буга чейин Николай Удовиченконун дипломатиялык миссиясы аяктаганы кабарланган. Ал 2019-жылдын январь айынан бери Кыргызстандагы элчиликти жетектеп келди.
Сергей Вакунов 2011-жылы Дмитрий Медведев Россиянын президенти болуп турганда, анын жарлыгы менен “Достук” ордени менен сыйланган. Анда Вакунов президенттин Чет мамлекеттер менен аймактар аралык жана маданий байланыштар боюнча башкармалыгында референт кызматын ээлеп турган. Ачык булактарда Вакунов тууралуу маалымат аз болуп чыкты.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом