Өнөр жай, социалдык объектилерди жана суу сактагыч куруу: Президент Араван районун өнүктүрүү пландары менен таанышты12-апрелге карата аба ырайыАйга учкан «Артемида-2» миссиясынын экипажы Жерге кайтып келдиӨздөрүн УКМКнын кызматкери катары тааныштырып, алдап кетишкен. Бишкекте шектүү жаран кармалдыИнвестициялар боюнча улуттук агенттикте түрк ишканасы менен «жашыл» долбоорлорду каржылоо маселеси талкууланды11-апрель: Айрым аймактарда жаан жаашы күтүлөт
Россия менен Индия туристтер үчүн визасыз режимди киргизиши мүмкүн
16.07.2025 | 15:50
Россия Индия менен туристтик топтор үчүн визасыз режим тууралуу өкмөттөр аралык келишим боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Бул тууралуу Россиянын Индиядагы элчиси Денис Алипов «Россия 24» телеканалына билдирди.

Анын айтымында, бул келишим эки тараптуу туризмдин өсүшүнө чоң түрткү берет. «Биз индиялыктарга туристтик топтор үчүн визасыз каттам тууралуу өкмөттөр аралык келишим түзүүнү сунуштап жатабыз. Бул маселе боюнча активдүү сүйлөшүүлөр жүрүүдө», — деди Алипов.
Эгер макулдашуу ишке ашса, Индия менен Россиянын жарандарына эс алуу үчүн бири-биринин өлкөсүнө визасыз барууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.
Теги: Россия