2025–2026-окуу жылына карата Кыргызстанда мектеп окуучулары орус тилинде жаңы окуу китептери менен камсыздалат. Бул тууралуу Кыргыз билим берүү академиясынын президенти Назира Дюшеева маалымдады.
1-, 2-, 5- жана 7-класстардын окуучуларына төмөнкү предметтер боюнча жаңы окуу куралдары берилет:
- Орус тили жана окуу
- Орус тили
- Орус адабияты
Анын айтымында, китептердин мазмуну Кыргызстандын окуу программасына ылайыкташтырылып, үч айдан бери тил адистери адаптация иштери менен алектенишүүдө. Бул иш-чаралар Орусиянын «Просвещение» басмасы жана РФ Билим берүү министрлигинин өкүлдөрү менен биргеликте жүргүзүлүп жатат.
«Кыргыз тарап мазмунду терең талдап чыгып, окуу программаларын иштеп чыгууда активдүү катышууда. Эки өлкөнүн адистери үзгүлтүксүз байланышта иш алып барууда», — деди Дюшеева.
Белгилей кетсек, буга чейин билим берүү министри Догдуркүл Кендирбаева 740 миллион сомго 2,5 миллион даана окуу китептери сатылып алынарын жарыялаган.