Россияда 21 жаштагы кыргызстандык кызды 6-кабаттан ыргытып жиберген деп мекендештери шектелүүдө (видео)

Россияда 21 жаштагы кыргызстандык кызды 6-кабаттан ыргытып жиберген деп мекендештери шектелүүдө (видео)

Россиянын Санкт-Петербург шаарында 21 жаштагы кыргызстандык кызды көп кабат үйдүн 6-кабатынан ыргытып жиберген деп мекендештери шектелүүдө. Бул тууралуу 78.ru сайты жазды.

Окуя 3-сентябрга караган түнү болгон. Болжол менен саат 02:00до полицияга «белгисиз адамдар Заставская көчөсүндөгү үйдүн 6-кабатынан кыз кишини ыргытып жиберди» деген маалымат түшкөн.

Окуя жерине барган полиция кызматкерлери эки жигит жерге кулаган кызды унаага салып, алып кетейин деп жатканын көрүшкөн. Полиция 22 жаштагы эки жигитти кармаган. Ошондой эле көп кабат үйдөгү батирде алар менен бирге 21 жаштагы кыз жүргөнү аныкталган.

Россиялык басылма жазгандай, жерге кулаган кыз Кыргызстандын 21 жаштагы жараны экени белгилүү болгон. Берки эки жигит менен кыз анын мекендештери болуп чыккан.

Кармалган жигиттер териштирүү иштери үчүн полиция бөлүмүнө жеткирилген.

Жабыркаган кыз аман калган, бирок оор жаракаттарды алган. Ал ооруканага жеткирилип, жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.

78.ru сайты эки жигит жерге кулаган кызга келип, көтөрүп кеткени тартылган видеону жарыялаган. Аны окуя болгон үйдө жашаган тургун тартып калган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>