Аскердик прокуратура ӨКМдин мурдагы башчысы Урматбек Шамыркановго карата кылмыш ишин козгодуМуфтият: Орозо айт 20-мартта белгиленетАк-Бата конушунда 650 орундуу жаңы мектептин курулушу башталдыКыргызстан ITB Berlin 2026 көргөзмөсүндө туристтерди тартууга аракет кылуудаЖогорку сот журналист Махабат Тажибек кызынын өкүмүн жокко чыгарып, ишти кайра кароого жөнөттүӨкмөт унаалар үчүн Кыргызстандагы тоннелдерден өтүү акысын бекитти
Россияда 4 кыргызстандык жол кырсыкка учурап, бирөө каза болду
30.04.2023 | 17:18
Россияда 4 кыргызстандык жол кырсыкка учурап, бирөө каза болду. Бул тууралуу облустун саламаттык сактоо башчысы Олег Костин билдирди.
Маалым болгондой, жол кырсык Саратов – Энгельс – Озинки жолунда болжол менен саат 19:50дө болгон. 42 жаштагы айдоочу башкарып бара жаткан Toyota Alphard унаасы жолдон чыгып, ала салып кеткен.
Кырсыктан жабыркаган 4 адам ооруканага жеткирилген. Алардын ичинен 57 жаштагы З.К. аттуу аял алган жаракатарынан улам ооруканада көз жумган.
Ошондой эле, 58 жаштагы Э.Х. аттуу аялдын абалы оор деп бааланууда. Дагы эки адамдын – 42 жаштагы Л.Т. менен 19 жаштагы У.О. аттуу жарандардын абалы орто оор.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз