Кыргызстандык футболчу Шүкүров оюн учурунда жаракат алды (видео)

Кыргызстандык футболчу Шүкүров оюн учурунда жаракат алды (видео)

Кыргызстандын футбол курамасынын жарым коргоочусу Алимардон Шүкүров Беларустун чемпионатындагы оюн учурунда жаракат алды.

Маалым болгондой, кечээ, 29-апрелде кыргызстандык футболчу ойногон «Неман» клубу «Динамо» командасы менен беттеш өткөрүп жаткан. Оюн учурунда Шүкүров командалашы көтөрүп берген топко секирип бара жатып, топту тосууга секирип чыккан «Динамонун» дарбазачысы менен сүзүшкөн. Сүзүшүүдөн кийин ал эсин жоготуп жерге кулаган. Андан соң оюн токтотулуп, командалаштары дарыгерлерди чакырган.

Кыргызстандык спортчу ооруканага жеткирилип (спортчу эсине келген), реанимация бөлүмүнө жаткырылган.

«Неман» футбол клубунун маалыматы боюнча, Шүкүровдун баш мээси чайкалган.

«Учурда ал Тез жардам ооруканасында жатат. Сынык жок, ал менен баары жакшы болот. Ага ден соолук жана тезирээк оюн талаасына кайтып келүүсүн каалайбыз», — деп жазышты клубдан.

Белгелей кетсек, беттеш 1:0 эсебинде «Неман» клубунун жеңиши менен аяктап, бул жеңиш Алимардон Шүкүровго арналды.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>