Россиядагы мигранттардын балдары Ысык-Көлгө эс алууга жөнөтүлдү

Россиядагы мигранттардын балдары Ысык-Көлгө эс алууга жөнөтүлдү

Бүгүн, 1-августта Россияда эмгектенген мекендештердин балдары Ысык-Көлдөгү «Алтын Балалык» ден соолукту чыңдоо борборуна эс алууга жөнөтүлдү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, эс алууга 120 бала жөнөтүлгөн. Алардын ичинен 100 бала Екатеринбург шаарынан келген.

Балдарды Ысык-Көлгө саламаттыкты сактоо министринин милдетин аткаруучу Жаркынбек Касымбеков, анын орун басары Нурийла Шериева, депутат Элвира Сурабалдиева жана башкалар узаткан.

«Чет мамлекеттерде эмгектенген мекендештерибиз Кыргызстанга жыл сайын каражат которуп, экономиканы көтөрүүгө чоң салым кошуп жатышат. Өз кезегинде биз министрлик тарабынан аларга ыраазычылык иретинде балдарын «Алтын Балалык» борборуна жөнөтүп турмакчыбыз», — деди министр Касымбеков.

Нурийла Шериеванын айтымында, Россияда эле эмес, башка өлкөлөрдө иштеген мекендештердин балдарын «Алтын Балалык» борборуна эс алууга жөнөтүү жөрөлгөсү улантылмакчы.

«Башка мамлекеттерде эмгектенген мекендештерибиздин Кыргызстанды көрбөгөн балдары көп. Алар мекенин, тилин жана каада-салттарын унутуп калбашы үчүн мындай иш-чараларды өткөрүү маанилүү», — деди ал.

Мигранттардын балдарын «Алтын Балалык» борборуна эс алууга жөнөтүү демилгеси Нурийла Шериева Россияга барып, кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү менен жолугушканда көтөрүлгөн. Министрликтин жетекчилиги бул демилгени колдогон.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>