Ысык-Көлдү тазалоо иштери жүрүүдө. Суучулдар көл түбүнөн миң метр эски торду чыгарыштыБишкек шаарында Черногориянын Ардактуу консулдугу ачылдыАраванда депутат уюштурган көмүскө кумар ойноочу жай аныкталдыИран АКШ жана Израиль менен болгон чыр-чатакта чабуул коюу тактикасына өткөнүн жарыяладыАФК 2031- жана 2035-жылкы Азия Кубокторун өткөрүүгө билдирмелерди кабыл алууну токтоттуБарскоон – Каракол унаа жолуна 8 жер алдындагы өтмөк курулат
Россиядагы жол кырсыктан эки кыргызстандык каза болду
07.02.2024 | 18:03
Россиянын Пенза облусундагы болгон жол кырсыктан улам Кыргызстандын эки жараны каза болду. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.
Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин маалыматына караганда, 2024-жылдын 4-февралында Пенза шаарынын трассасында болгон жол кырсыгынан улам Кыргызстандын эки жараны каза таап, Россиянын бир жараны оор жаракат алган.
“Учурда каза болгон мекендештердин сөөктөрү жерге берүүгө Кыргызстанга жеткирилди. Ал эми жаракат алган Россиянын жараны оорукананын реанимация бөлүмүндө», – деп айтылат маалыматта.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар