Бишкектеги бардык аялдамалар бир типке келтирилет. Эскиздери

Бишкектеги бардык аялдамалар бир типке келтирилет. Эскиздери

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунашалиевдин тапшырмасы менен «Бишкек башкы архитектура» муниципалдык ишканасы  жаңы аялдама комплекстеринин долбоорлорун бекитти.

Мэриядан билдиришкендей, мындан ары борбордогу бардык аялдамалар бир типте болот. Буга чейин аялдамаларды реконструкциялоо долбоору пилоттук режимде ишке киргизилген.

“Аялдамалар кышында жылытуу, ысык мезгилде кондиционер системасы менен камсыздалат. Ошондой эле аялдамаларда коомдук транспорт каттамдары көрсөтүлгөн стенд болот. Мындан тышкары, ар бир жаран Wi-Fi тармагына туташып, интернет кызматтарын колдонуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот. Аялдамалар эки типте болот, бири 10-12 метр, экинчиси чоңураак, аларды негизги көчөлөргө жана проспекттерге орнотуу пландалууда”, — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, бекитилген долбоор боюнча аялдама курууну каалагандар Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык мүлктү башкаруу боюнча департаментине кайрылып, кеңеш алса болот.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>