Россиянын ИИМи чет элдик айдоочулардын өлкөдө жүрүү мөөнөтүн жылына 180 күнгө чейин узартууну сунуштады

23.01.2026 | 11:00

Россия Федерациясынын Ички иштер министрлиги эл аралык автомобиль менен жүк ташуу секторун колдоого багытталган Өкмөттүн токтомунун долбоорун даярдады. Документ визасыз режимдеги өлкөлөрдөн, анын ичинде Кыргызстандан келген айдоочулардын Россияда убактылуу жүрүү мөөнөтүн узартууну шарттайт.

Сунушталган ченемдерге ылайык, кесипкөй ташуучулар РФтин аймагында бир календардык жыл ичинде 180 суткага чейин жүрө алышат. Учурда жарандардын бул категориясы үчүн өлкөдө болуу мөөнөтүн жылына 90 күн менен чектеген жалпы эреже колдонулат.

Узартылган мөөнөттө жүрүү укугунан пайдалануу үчүн милдеттүү шарт киргизилүүдө. Айдоочу “Мамлекеттик кызматтар” (Госуслуги) порталы менен интеграцияланган ruID мобилдик тиркемеси аркылуу электрондук арыз жөнөтүшү кажет. Санариптик билдирмеге инсандыгын жана эл аралык ташуу макамын тастыктаган документтердин көчүрмөлөрүн тиркөө зарыл.

Эгер айдоочу аталган тиркеме аркылуу жүрүү мөөнөтүн каттатпаса, анын Россияда болуу мөөнөтү жалпы тартипте эсептелип, календардык жыл ичинде 90 күндөн ашпоого тийиш. Бул демилге чек ара логистикасын жөнөкөйлөтүүгө жана өлкөлөр ортосундагы транспорттук коридорлордун үзгүлтүксүз иштешин камсыздоого багытталган.

Scroll to Top