Россиянын маданият күндөрү: Бишкекте Михалковдун спектаклдери жана акысыз фильмдер көрсөтүлөт

Бишкектин маданий турмушунда өзгөчө жума күтүлүүдө. 2025-жылдын 29-октябрынан 2-ноябрына чейин Кыргызстанда өтө турган Россиянын маданият күндөрүнүн алкагында 30-октябрдан 2-ноябрга чейин Чыңгыз Айтматов атындагы Орус драма театрында Россиянын белгилүү режиссеру Никита Михалковдун “12” жана “Жоголгон убакыт жомогу” спектаклдери көрсөтүлөт.
Театрдын директору Сергей Бардаков Бишкектеги брифингде билдиргендей, бул спектаклдер Борбор Азияда биринчи жолу көрсөтүлүп жатат.
“Россияда бул спектаклдерге билет алуу өтө кыйын, бизде да баары сатылып бүттү,” — деди ал.
Мындан тышкары, Россиянын маданият күндөрүнүн алкагында акысыз кинофестиваль уюштурулат.
Фестиваль 29-октябрда “Манас” кинотеатрында режиссер Никита Высоцкийдин “Август” тасмасы менен ачылат. Бардык көрсөтүүлөр акысыз, бирок орундарды ticket.kg сайты аркылуу алдын ала брондоо зарыл.