Өкмөт башчы: Кыргызстанда 1-октябрдан тартып мугалимдердин айлык акысы 30% көтөрүлөт

Өкмөт башчы: Кыргызстанда 1-октябрдан тартып мугалимдердин айлык акысы 30% көтөрүлөт

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Ысык-Көл облусунда өтүп жаткан «Кыргызстандын билим берүүдөгү заманбап багыттары» аттуу Кыргыз Республикасынын август педагогикалык кеңешмесине катышты.

Абылгазиев ЮНИСЕФ жакында Кыргызстан жарандыгы жок адамдардын маселесин чечкен дүйнөдө биринчи өлкө болду деп жарыялаганын белгиледи.

«Бул чоң жетишкендик — беш жылдын ичинде жарандыгы жок адамдардын саны 13 миңден нөлгө түштү», — деп билдирди Өкмөт башчы.

Президент Сооронбай Жээнбеков мугалимдердин айлык маяналарын көтөрүүнү Өкмөттүн алдына артыкчылыктуу милдет кылып койгон.

«Өкмөт бул милдетти аткарат. Үстүбүздөгү жылдын 1-октябрынан тартып мугалимдердин айлыгы 30%га көтөрүлөт. Жумасына 20 саат менен иштеген мугалим буга чейин 12 миң сом айлык алып келсе, анын айлыгы эми 18 миң сомго чейин көтөрүлөт», — деди ал.

Жыйынтыгында өкмөт башчы мугалимдерге чыгармачыл ийгиликтерди, алардын түйшүктүү ишинде жаңы дем жана шыктанууну каалап өттү.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>