Алдамчылыкка жана зордуктоого шектелип издөөдө жүргөндөр Москвада кармалды

Алдамчылыкка жана зордуктоого шектелип издөөдө жүргөндөр Москвада кармалды

Кыргызстанда кылмыш жасоого шектелгендер Москва шаарынын аймагында жашырынып жүргөн жеринен кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, март айында ИИМдин Орусиядагы Өкүлчүлүгүнүн жардамы менен Орусиянын укук коргоо органдары тарабынан Москва шаарынын аймагында жашырынып жүргөн жарандар аныкталды.

Иш-чаранын жүрүшүндө 204-берененин 2-бөлүмү (Алдамчылык) менен 2020-жылдан бери мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн 30 жаштагы Талас облусунун тургуну А.З. жана Ош облусунун 44 жаштагы тургуну  С.Ж. кармалган. Шектүүлөр Москва шаарынын тергөө абагына  киргизилип, 1993-жылдагы Минск конвенциясына ылайык экстрадициялоо тууралуу маселелер чечилүүдө.

Ошондой эле Сокулук милициясы тарабынан 161-берененин 1-бөлүмү (Зордуктоо) менен 2019-жылдан бери  издөөдө жүргөн Чүй облусунун 28 жаштагы тургуну Ш.Т. кармалган.

Мындан сырткары, 234-берене (Бейбаштык) менен издөөдө жүргөн Ысык-Көл облусунун 40 жаштагы тургуну К.Р. кармалды. Ал 2001-жылы козголгон    кылмыш иши боюнча издөөдө жүргөн. Ал эми 44 жаштагы Талас облусунун тургуну О.Н. кармалды. Ал 234-берене (Бейбаштык) менен 1998-жылы козголгон кылмыш иши боюнча издөөдө жүргөн.

Эми аларды компетенттүү органдарга өткөрүп берүү жана  кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн тиешелүү маселелер чечилип жатканы айтылат.

 

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>