Бизнеске акча салабыз деп 16 миң долларга алдаган. Шектүү аял кармалды

Бизнеске акча салабыз деп 16 миң долларга алдаган. Шектүү аял кармалды

Бишкекте алдамчылыкка шектелген аял киши кармалды. Бул тууралуу Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Шектүү 2018-жылдын апрелинен 2019-жылдын февраль айына чейин борбор калаанын жашоочусунан бизнеске акча салам деп 16 миң доллар алып, убадасын аткарбай, изин жашырып кеткен.

Жабырлануучу 2020-жылдын ноябрь айында полицияга кайрылган. Кылмышка шектүү катары 1982-жылы туулган Ш.М. кармалып, эки айга СИЗО-1ге камакка алынган.

Тергөөдө кармалган жарандын ушул сыяктуу эки кылмышка тиешеси бар экендиги аныкталган. Башка дагы жабырлануучулар дагы болушу мүмкүн.

Милиция шектүү аялдан жапа чеккен же кандайдыр бир маалыматка ээ болгондордун баарын: 0708064926, 0704459999 жана 102 телефондоруна кабарлап коюуну суранат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>