Мухаммед пайгамбарды тарткан карикатурачы Вилкс каза болду

Мухаммед пайгамбарды тарткан карикатурачы Вилкс каза болду

Мухаммед пайгамбарды тарткан швед карикатурачысы Ларс Вилкс жол кырсыктан каза болгонун маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Мухаммед пайгамбардын карикатураларын тарткан Ларс Вилкс Швециянын түштүгүндө болгон жол кырсыгынан каза болуп, аны кайтарган эки полиция да көз жумду. Кырсык жекшемби күнү түштөн кийин Маркарид шаарынын жанында болгон. Сүрөтчү бараткан унаа жүк ташуучу унаа менен сүзүшүп, анын кесепетинен унаалар күйүп кеткен.

Ларс Вилкс 2007-жылы Мухаммед пайгамбардын карикатурасын тартып, Nerikes Allehanda аттуу швед гезити жарыялаган. Бул окуядан соң Вилкске карата мусулман дүйнөсүнүн сыны күчөп, ал эл аралык коомчулуктун көңүлүн өзүнө бурган. Ошондой эле ага коркутуулар башталган соң, Вилкстин коопсуздугун эки полиция кызматкери камсыздап келген.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>