Ошто 300гө жакын мыйзамсыз курулуштар тазаланды

Ошто 300гө жакын мыйзамсыз курулуштар тазаланды

Ош шаарындагы Салиева көчөсү 300гө жакын мыйзамсыз курулуштардан тазаланды. Бул тууралуу аталган шаардын мэриясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ош шаарындагы ХБК кичи районунун Салиева көчөсүндөгү көп кабаттуу үйлөрдүн айланасындагы кошумча имараттар, тосуп алган короолор, жеңил курулуштар, гараждар алынып, аймактагы тургандарга түшүндүрүү иштери жүрүүдө.

Мындан тышкары, азык-түлүк дүкөндөрү да алынып, анын ордуна муниципалдык унаа токтоочу жайлар курулууда.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>